Фотоальбом. Бирде селки, бирде кемпир, бирде султандын ролун аткарган Камчы Сарыбаевдин сүрөттөрүнө саякат

Бүгүн, 7-февралда "Дем" театрынын актёру, көп тасмаларда жогорку деңгээлде роль аткарган таланттуу куудул Камчы Сарыбаев 43 жашка толду. Актёрдун туулган күнүнө карата анын жылмаюу тартуулаган айрым образдарын топтодук.

Камчыбек Сарыбаев 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Аксай айылында төрөлгөн.

8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган.

Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим аяз ата" жана башка бир топ тасмаларда роль жараткан. 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын жеңип алган.

Учурда жубайы экөө 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

7-февралдын жылнаамасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-02-07 19:58:19
Туулган кунун менен Камчы брат!!! Онорун оркундой берсин!
+3
Burulsha
2021-02-07 20:06:09
Улуу баласы копиясы экен. Мага жагат Камчы байке. Жакшы актёр.
+3
KaGaH
2021-02-08 05:53:16
2 уул 1кыз болсо сүрөттөгү 4чу кыз кимдики?
+1
i-bilim
2021-02-08 09:46:21
KaGaH, кошунаныкы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан