Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: "Жөн эле жол киренин баасын көтөрүп коюу менен маселе чечилбейт"

"Жөн эле жол киренин баасын көтөрүп коюу менен маселе чечилбейт" деп Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында билдирди.

Ал Бишкек шаарындагы маршруттук таксилеринин айдоочуларынын жол кирени көтөрүп берүү боюнча айтылган талаптары тууралуу суроого жооп берди.

"Жол киренин акысы акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. Суу, доллар жана башкалар кымбаттады. Ушул маселени карап бериш керек. Бир күндө 120 автобус, 100 тегерегегинде тролейбус, 2 миңге жакын маршруттук таксилер ишке чыгат. Мэрия тарап бул маселени биздин кароого киргизгенде талкуулайбыз. Анан кандай талаптарды коёбуз? Маршруттук таксилер канчанчы жылкы болуш керек, газ же бензин менен жүрөбү деп карап чыгышыбыз керек. Жөн эле жол киренин баасын көтөрүп коюу менен маселе чечилбейт. Анда 2 миң айдоочунун ассоциацияларынын гана маселеси чечилет. Буга коомчулук даярбы? Муну кылдаттык менен карап чыгышыбыз зарыл", - дейт ал.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: "Жаш жетекчилерди улуу ага, эжелер тоготпой коёт"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан