SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова болду.
"Эл өкүлү болуп Жогорку Кеңешке келгенде депутаттар жакшы тосуп алышты. Алардан мен деле эмнеге парламенттин 6-чакырылышына ар кандай аттар коюлуп кеткени боюнча сурагам. Алар өзүбүз жактан да болуп калды деп айтышты. Ошол кездеги президентти колдоп жүргөн депутаттар, кийин аны колдобой койгон үчүн ушундай аттар коюлганын айтышты", - дейт депутат.