БШКнын мүчөсү: "Мурункуга салыштырмалуу бул жолку шайлоо жакшы деңгээлде өттү"

#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев болду.

Жылкыбаевге "Президент дүйнө эли таң кала тургандай шайлоо өтөт деп айтты эле. Сиздин баамыңызда дүйнө эли таң калгандай шайлоо өттүбү?" деген суроо узатылды.

"Шайлоо эмес, негизи эле кээде дүйнөгө шерменде болдук деп айтабыз. Дүйнөгө дүңгүрөттүк деп айтышат. Менин оюмча, дүйнөнүн биз менен деле иши жок. Биз өзүбүз-өзүбүзгө суктанышыбыз керек. Мурунку шайлоого талапкер катары катышкам, аймактарда шайлоо системасында иштегенбиз. Мурункуга салыштырмалуу бул жолку шайлоо жакшы деңгээлде өттү", - дейт ал.

Узарбек Жылкыбаев: "Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып кетет экен деп кыжалат болдум"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан