БШКнын мүчөсү: "Шайлоонун даярдыгында бир топ иштер болду. Ошонун бардыгы жокко чыгып кетчүдөй болуп кыжаалат болдум"

#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев болду.

Анда ага "Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгып жатканда автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учураган учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары моралдык жоопкерчиликти сездиңизби?" деген суроо берилди.

"29-августта парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Ошол күндөн баштап күнү-түнү иштедик. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү эле эмес, Кыргыз мамлекетинин шайлоо системасынын тутумунда иштеген 30 миңден ашык адам бар. Ал участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, аппаратта иштегендер, шайлоого көмөктөшкөн коомдук уюмдар бар. Шайлоонун даярдыгында бир топ иштер болду. Ошонун бардыгы жокко чыгып кетчүдөй болуп кыжаалат болдум. IT тармагындагы адистер түшүндүрүштү. Бул система же сервер эмес. Биз жарандарга оңой болсун деп баракча ачканбыз деп айтышты. Эмне себептен келип чыкты деп такташып, жарым саатта партияларга берген добуш менен партиянын ичиндеги талапкерлерге берген добуш кошулуп добуш бергендердин саны көбөйүп кетиптир деп билдиришти", - деди ал.

Узарбек Жылкыбаев: "Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып кетет экен деп кыжалат болдум"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан