Дамирбек Асылбек уулу: "2001-жылы Казакстан жарандыгын беришкен"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу болду.

Анда ага "Сиз Казакстанда камакка алынганда кош жарандуулугуңуз тууралуу сөз болуп кетти эле. Ал тургай сиздин улутуңузду дагы "кыргыз эмес, казак" деп айткандар болгон. Бул тууралуу өзүңүздүн оозуңуздан уксак" деген суроо узатылды.

"Мен спорт чөйрөсүндө көп жүрдүм. Спорттун жашоосу кыска. 2000-жылга чейин Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыкканбыз. 2001-жылы Казакстандан сунуш түшүп калып, кабыл алгам. Мамлекеттин атынан чыгып жаткандыктан алардын жарандыгын алыш керек. 2001-жылы өздөрү Казакстандын жарандыгын беришкен. 2006-жылы өлкөгө кайтып келип, Казакстандын паспортун тапшырып бергем", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан