Белгилүү футболчу Неймар жаракат алды. Ал 5 күндөн кийин боло турчу "Барселонага" каршы оюнга катышабы?

Бүгүн, 11-февралга караган түнү өткөн футбол боюнча Франция кубогунун 1/32 финалындагы "ПСЖ" - "Канн" беттешинде атактуу футболчу Неймар жаракат алды.

Бразилиялык чабуулчу оюндун 56-мүнөтүндө "Канндын" коргоочусу Йоэл Армугом менен кагылышып, сол бутунан жаракат алып, талааны таштап кетти. Аны ордуна чабуулчу Килиан Мбаппе оюн талаасына чыкты. Бир жумага жетпеген убакытта "ПСЖ" клубу Чемпиондор Лигасында Испаниянын "Барселона" клубуна каршы ойнойт.

Оюн 1:0 эсебинде "ПСЖ" клубунун жеңиши менен аяктады.

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы "Барселона" - "ПСЖ" беттеши 17-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан