Менин жерим: Демократ акын Токтогул Сатылгановдун сөөгү жаткан айтылуу Чолпон-Ата айылы тууралуу баян (сүрөт, видео)

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылы тууралуу сөз болот.

Айылдын климаттык өзгөчөлүктөрү, көз жоосун алган жаратылышы, айылдан чыккан атактуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун мурастары тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Албина Жумабекова айтып берди.

Ала-Тай коругунан орун алган ажайып кооз Алатай көлүнө көбүнчө мал-чарбачылык менен алектенгендер жана бал аарычылар жайлашат.

Мектептин мугалимдер жамааты

Чолпон Ата айыл аймагындагы Даңканай атындагы орто мектебинин 5-9-класстарынын ортосунда гүл өстүрүү сынагы болуп өттү. Иш-чараны мектептин биолог мугалими Кабылбеков демилге кылды.

- Сынактын талабына ылайык, мектеп окуучулары үй шартында гүлдөрдү өстүрүп келип мектептин класстарына беришет. Бул жылы 270 даана гүл жыйналды, мектеп класстарына батпай калып, Чолпон-Ата айылындагы гүлгө кызыккан атуулдарга гүлдү көбөйтүү максатында таркатылды. Иш-чаранын негизги максаты - айыл тургундарынын жана мектеп окуучуларынын экологиялык билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Азыр кыштын акыркы айы, ар бир айыл тургуну жаз мезгилине гүл өстүрүү, көчөт отургузуу жөнүндө пландап жатышат. Биздин таркатылып берилген гүлдөрдүн айрымдары буга чейин айылда өстүрүлбөгөн гүлдөрдүн сортторунан.

Айылыбыздын кээ бир тургундары жаз келери менен мал жандыктарын тоого айдап, кыштоого суук түшкүчөктү мал чарбачылыктагы уйларын саап, сүт бышырып, айран уютуп, сүзмө куюп, курут жасап, улуттук суусундуктарды өндүрүшөт.

Айыл суунун жээгинде жайгашкандыктан адамдарга суунун шар акканы угулуп, жан дүйнөгө жагымдуу маанай тартуулап турат.

Чолпон-Ата айылы ажайып кооз жаратылышы менен да кээ бир ички туристтерди суктандырып, өзүнө тартып турат.

Чолпон-Ата айыл аймагынын аянты 79 миң 545 гектарга жетип, калкынын саны 300 кожолуктан ашат.

Айыл тургундары дыйканчылык менен алектенишип, өсүмдүктөрдүн көп түрлөрүн эгип, мөмө-жемиштердин бардык түрлөрүн өстүрүшөт.

Токтогул Сатылгановдун күмбөзү ийне жалбырактуу, бак-дарактуу, туя, арча, кайың, акация, жийде, алма, өрүк, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн кээ бир жерлеринде сейрек өскөн тыттардын курчоосунан орун алган. Жанында шакирттеринин күмбөздөрү, ошондой эле уулунун жана келинин сөөктөрү да ушул жерге көмүлгөн.

Токтогул Сатылгановдун Сибирден качып келгенден кийин 1916-1933-жылдары көзү тирүүсүндө жашаган үйү. Азыркы күнгө чейин сакталып, корголуп келүүдө.

Айылыбызды бийик тоолор курчап тургандыктан аба ырайы жайы салкын, кышкысын жылуу.

"Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында" демекчи, айылыбызда улуу акындын жашоо-турмушунда колдонулган идиш-аяктары, кийген кийим-кечелери, өзү черткен комузу жана башка буюмдары, башка көптөгөн маалыматтар ушул Чолпон-Ата айылында жайгашкан Токтогул Сатылгановдун музейинде сакталып турат.

Музейдин айланасында көптөгөн бак-дарак, алма, өрүк, жаңгак, алчага чейин отургузулуп, арча, карагай, туяларды да атайын өстүрүшкөн.

Токтогул Сатылганов 1864-жылы азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түрткү бергени тарых беттеринде айтылат.



Айылдын жападан жалгыз Даңканай атындагы №15 орто мектеби

Өз замананын аң-сезимдүү, кыраакы, элдин кайгы, муң, ой-санаасына себепкер социалдык акыйкатсыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра албаган, төкмө акын, комузчу, композитор, куудул тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун киндик каны тамган жери Чолпон-Ата айылына көз чаптырып, Токтогул районуна болгон кичинекей саякатыбызды уланталы.

Айылыбыздын сулуулугун сөз менен айтып жеткириш мен үчүн абдан кыйынга турат. Ошондуктан "Миң уккандан бир көргөн артык" деп бабаларыбыз айтмакчы, өзүңүздөр келип көрүп, мейман болуп кетиңиздер.

Айылыбыз ортодон орун алгандыктан Чолпон-Ата айыл округу болуп саналат. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Кушчу-Суу, Мазар-Суу айылдары кирет.

Ошондой эле айылыбызда 50 орундук бала-бакча салынып бүткөн, имараттын ички эмеректери коюлуп, жасалганып бүтсө айыл тургандарына колдонууга берилет.

Чолпон-Ата айылында кичинекей китепкана бар, ал жерге келечекте үлгүлүү, белгилүү боло турчу чыгаан инсандар келип китеп алып окуп турушат. Ошондой эле айылдын тургундарынын ден соолугуна кам көрүү үчүн чакан айылдык медициналык пункту, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу да бар.

Акындын урпактары да шайыр келип, колуна калем-кагаз кармап, өнөрлөрүн өркүндөтүп калайык калк арасында өткөн кароо сынактарга катышып келишүүдө. Алардын бири ак элечек апалар "Аруузат" айымдар тобу.

Айылыбызда айыл тургундарынын жашоосун жеңилдетип турган айыл өкмөтү да бар. Ал жерден көптөгөн жумуштарды да бүтүрүп алууга болот.

Жергиликтүү жашоочулар ынтымактуу жашап, бири-бирине колунан келген жардамдарын аянбай берип, Нооруз сыяктуу улуттук майрамдарда чогулуп, ар кандай улуттук оюндарды ойношуп, ыр кеселерди уюштуруп, кары-жашы дебей шаңдуу майрамдашат.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-02-24 19:26:41
Менин сүйүктүү айылым мен сени сүйөм. Токтогулдун жеен небереси болуп калганыма сыймыктанам. Бар болгула айылдаштар.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан