"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылы тууралуу сөз болот. Айылдын тарыхы, климаты, административдик мекемелер, чыгаан инсандар тууралуу
SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун
Малика Касенова баяндап берди.
Көөчү айылы - Талды-Суу айыл аймагынын курамына кирет. Айылда 371 түтүн эл жашайт.
"Көөчү айылы айтылуу Ысык-Көл аймагында Күңгөй Ала-Тоо кыркасынын чыгыш тарабындагы тоо этегинен орун алган. Айыл Түп өрөөнүндөгү түздүк жерде жайгашкан. Айланасындагы жерлер дыйканчылыкка ыңгайлуу, түз келет. Айылдын өзүнө таандык көрүнүшү эч кайда шашылбаган берекелүү жана карапайым жашоосу бар. Ошондон улам мында убакыт дагы жай өткөндөй сезилет. Качан көрсөң да айыл тургундары өз иши менен алек болуп жатканын байкайсың.
Айылдын аталышынын келип чыгуу тарыхы.
"Илгери аталган Көөчү айылынын ордунда чычырканактуу чытырман токой бар болгон экен. Ал чытырман токойдун ортосунда чоң суу акчу. Биринчи жээктен экинчи жээкке ат менен өтүшчү. Күндөрдүн биринде ошол токой өрттөнүп кетип, эл аны өчүрүп жетише албай, токойдун баары өрттөнүп кетет. Өрттөнүп кеткен токойдон көп эл көө өчүрүп, ары бери өткөн элдердин бети-башы көө болгонунан улам айыл Көөчү аталып калыптыр.