Менин жерим: Нурлан Насиптей талантты таптаган, тал-тереги жыш өскөн айтылуу Токтогулдун Терек-Суу айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылы тууралуу сөз болот.

Көз жоосун алган жашыл өрөөндүн өзгөчөлүктөрү, айылдан чыккан атактуулар тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Мунара Бакытбекова айтып берди.

Терек-Суу айылы Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн курамына кирет. Айыл деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан. Калкынын саны 8 миң 131 (2020-жылга карата) 1 миң 336 түтүн бар.


Биздин чоң аталарыбыз Токтогул суу сактагычынын алдында калган айылда жашашкан экен. Кийин ГЭС ишке кирерде, тактап айтканда 1972-1974-жылдар ичинде эл Жети-Суу өрөөнүнө көчүрүлөт. Жети-Сууга отурукташкан эл өз ара айыл-айылга бөлүнүп, жашаган жердин өзгөчөлүгүнө жараша атала баштайт.


Ал эми биздин айылдын Терек-Суу деп аталып калганынын себебин эл ичинде мындай деп айтып жүрүшөт. Айылдын жогору жагында Терек (теректер көп ошондон улам го) деген жер бар, ал эми айыл эли ошол күндөн ушул күнгө чейин Терек деген жерден чыккан таза суу менен камсыздалат. Ошондон улам "Кайсыл жакка?" десе "Теректин суусу тарапка" - деп жүрүп, Терек-Суу аталып калган дешет.

Терек-Суу айылында айыл өкмөттүн имараты, маданият үйү, 2 кабаттуу эки корпустан турган оорукана, "Кызгалдак" бала бакчасы, эки корпустан турган №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектеби, 2 мечит, спорт зал, футбол аянтчасы жана чакан той өткөрүүчү үч кафе бар.

Айыл эли мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.

Айылыбыздын абасы, суусу таза жана эли жөнөкөй, карапайым, меймандос.


Терек-Сууда тал-терек, бак-дарактар абдан жыш өсөт. Ошондон улам айылымды көз жоосун алган жашыл өрөөн деп атагым келип турат. Эмнеге мындай атаганымдын себебин тоого чыгып, айылдын үстүнөн көргөн жергиликтүү эл жакшы түшүнөт.


Көз жоосун алган жашыл өрөөнүбүз таланттууларга бай. Алардын ар биринин атын сыймыктануу менен атап кетейин. Спорт жагынан эркин күрөш жана көк бөрү оюндарына катышып, өздөрүнүн мыктылыгын көрсөткөн эр-азаматтарыбыз бар. Нурмухаммед Ильяс уулу, Тайырбек Жумашбек уулу аттуу жигиттерибиз эркин күрөш боюнча Азиялык ареналарга чыгып байгелүү орундарга жетишкен. Ал эми көк бөрү ойногон жигиттерибиз болсо республикалык командаларда ойношот. Учурда Ильяс Эсенаман уулу, Бообек Шакирбек уулу "Ала-Тоо" командасында ойноп келишет.

Маданият жаатында белгилүү ырчыларыбыз: Урмат Бөкөнбаев, Айгүл Чалова, Руслан Нарынбаев.


Ал эми заманыбыздын мыкты ырчысы, ырчылардын сап башында турган ырчы Нурлан Насип да дал ушул Терек-Суу айылынын кулуну болот.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан