"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышы Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылы тууралуу болот.
Көпчүлүктү суктандырган жер Кегети айыл өкмөтүнө карайт. Жалпы 1 миң 307 түтүндө 6 жарым миңден ашык калк жашайт. Айылда "Моңол", Калмак", "Мундуз" жана "Манап" сыяктуу ири уруулардын өкүлдөрү бар.
Кегети тууралуу мындан 2 кылым 200 жыл мурун эле айтылганын тарыхчылар айтып жүрүшөт.
Дөөлөтша Исаевдин "Жер суу аттарынын сыры" китебинде Кегети деген сөз "Кен кенти" деген сөздөн алынып, Кегети болуп калганы жазылат.
Кегетиде калктын 98 пайызын Кыргыз улутундагы жарандар түзөт. Эли мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет.
Аталган айылдан чыгармачыл белгилүү адамдар композитор, окумуштуу, эмгек сиңирген ишмер жана мугалимдер чыккан.
Айрыкча жергиликтүүлөр "Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемиров чыккан жер" деп сыймыктануу менен айтышат.
Аталган кооз айылда "Кожомкул" кинотасмасы тартылган. Айылда эки шаркыратма жана Көл-Төр деген көл бар.
Кегети коктусунун төрүнөн орун алган. Бишкек шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көл-Төр өлкөбүздөгү кооз көлдөрдүн бири. Анын көрүнүшү көк-жашыл. Туристтерди кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номуруна WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!