Менин жерим: Кымыздык, уу коргошун өсүп, чыгаан спортчулар чыккан айтылуу Токтогулдун Жетиген айылы

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылы жөнүндө сөз болот. Эмгекчил элет элинин турмушу тууралуу жергиликтүү тургун Нурсултан Жайлообай уулу баяндап берди.

Жетиген айылынын калкынын саны 2 миң 800. Жалпы айдоо аянты 1320 гектарды түзөт. Айыл райондун борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашканына карабай тоолуу аймакка кирбей калган.

"Эл арасында айылдын аталышы тууралуу уламыштар айтылып келет. Алардын бирине токтолуп өтөйүн.

Жетиген, Торкен, Улуу Кен деген үч бир тууган болушкан. Ошолордун Жетиген дегени ушул биздин айылга келип жашап калган экен. Ошондон улам айылдын аты Жетиген айылы деп аталып калганын көп угуп калабыз.

Айыл элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Айылда өрүк, алма, картошка, кара өрүк, помидор, малина жана башка 70тен ашуун жер-жемиш, мөмө-жемиштер бышат.
Айылыбыздагы көчөлөр жарыктандырылган.
Кымыздык, ышкын, уу коргошун, карагат, эрмен, адырашман, жалпылап айтканда, 150дөн ашуун дарылык касиети бар өсүмдүктөр өсөт.

Айылда 3 мектеп, клуб, почта бөлүмү, ФАП, китепкана, спорт зал, күрөш зал, 3 тегирмен жана дүкөндөр бар.



Айылда бардык көчөлөр таза суу менен камсыз болгон.

Чет өлкөлөрдө өткөн бир нече кино сынактарда баш байгелерди багынткан "Тегирмен" кино тасмасы биздин айылда тартылган.

Айылдан чыккан таланттар:

Эстрада ырчылар: Автандил, Тайырбек Шайлообаев, Адилет Шаршенов.

Жетиген айылынан чыккан кино режиссёрлор: Бактыбек Маматсаев, Улук Байбаев, Дулат Өмөшов.

Айылдын чыккан чемпиондор: Сүймөнкул Дүйшөнкул уулу (ММА мушкери), Күмүшай Аттокур кызы (алыш күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону), Акылбек Эсенбек уулу (Бокс боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жана Азиянын чемпиону), Айтурган Максатбек кызы (Тогуз коргоол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жана дүйнө чемпиону).

Эмгекчил элет эли чыгаан спортчуларды, таланттарды тарбиялап келишет", - деп Нурсултан мырза айылы тууралуу айтып өттү.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-05-23 11:19:52
Негизи Түп району менен Токтогул районунун чөптөрү да окшош окшойт аа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан