Садыр Жапаров Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен жолугушту. Эки тарап эмнени талкуулашты?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусия федерациясынын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болгон.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкө парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирген.

Ал Садыр Жапаровду өлкөнүн президенти кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктап, шайлоо процесси атаандаштыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилеп өткөн.

"Вячеслав Володин Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштөр болгондуктан диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, ошондой эле эки парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргыз өлкөсү мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолгон Мамлекеттик Думанын төрагасы өлкөнүн акылман эли өз тандоосун жасаганын кошумчалады. Ал ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргыз өлкөсү менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды.

Вячеслав Володин өлкөлөрдүн ортосунда түрдүү чөйрөлөрдө потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп, алар бүгүнкү жолугушуудан кийин мындан да динамикалуу ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгиледи.

Ал өз ара пайдалуу жана ишенимдүү союздаштыкка жана стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндө кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө эл аралык мониторинг жүргүзүүдө Орусия парламентарийлеринин жигердүү колдоосу үчүн Вячеслав Володинге ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине бекем ишенерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна карата, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан