
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты
Алмазбек Акматов 28-февраль күнү 56 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу фракция лидери
Алтынбек Сулайманов билдирди.
Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, калктын социалдык жана экономикалык маселелерин чечүүгө бардык күч-аракетин жумшап, шайлоочулар менен тыгыз иш алып барып келген.
"Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Алмазбек Жумабековичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат", - деп жазды Сулайманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Алмазбек Акматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.