Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү Сүйүнбек Жусубалиевге Москва шаарындагы мекендештер BMW 325 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, аталган шаардагы мекендештер Муфтияттын өкүлүнө дин аалымдарын Орусияга алып барып, жарандар менен жолуктуруп жатканына ыраазычылык иретинде беришкен.
Өз кезегинде Сүйүнбек Жусубалиев аларга ыраазычылыгын билдирип, дагы да болсо дин аалымдарын жарандар менен жолуктурууну уланта берерин айткан.