Биз социалдык тармакта

Бишкекте 18 жаштагы жигит курулуш иши жүрүп жаткан имараттын 9-кабатынан кулап түштү

Бишкекте Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан жумушчу кулап түшкөн. Окуя 1-мартта орун алганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборуна жаткырылып, ага мээси жабыркап, эки буту жана ийини сынган деген алдын-ала диагноз коюлган.

"Бул факты 258-берене (Тоо-кен иштери, курулуш иштери, жарылуучу жана башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, алган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти.

9-этаждан кулап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaynak
2021-03-12 15:17:28
Бардык ондуруш жана курулуш тармагвн тыкыр козомолго алуу керек. Инженер по Технико безопасность должностунда олтурган адамдын жоопкерчилигинде ушул баланын ден соолугу жана омуру. Ограждения жок биринчиден, экинчиден жумушка орноштуруп жатканда правила безопасностьу кулагына куйган эмес.
+6
Ale
2021-03-12 19:32:56
Кудай сактаптыр омуру бар экен Аман калыптыр сакыйып кетсин
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан