Эпидемиологдор дүйнөдө COVID-19 илдети 2021-жылы токтобой турганын билдиришүүдө

"COVID-19 илдети 2021-жылы дүйнө боюнча токтобойт, бирок жай мезгилинде оорунун олуттуу төмөндөшү мүмкүн. Анткени коронавирус мезгилдүү мүнөзгө ээ", - деген орус эпидемиологунун билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Пандемия, албетте, эртеби-кечпи токтойт, бирок менин оюмча, бул жылы эмес, бирок анын токтой турганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган. Бирок коронавирус сезондук мүнөзгө ээ, буга көптөгөн далилдер бар. Буга өткөн жайда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө оорулар аз болгон учурлар күбө. Быйыл дагы ошондой болушу мүмкүн", - деп билдирген ал.
Ал белгилегендей, дүйнөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйүп жатканы менен, Европа өлкөлөрүндө оорунун азайганы байкалбайт, мындан тышкары, Африкада жана бир катар Азия өлкөлөрүндө, тестирлөөнүн көрсөткүчү төмөн болгон кырдаал белгисиз бойдон калууда.
"Биз дүйнө жүзүндөгү кырдаалдын өнүгүшүн көзөмөлдөп турушубуз керек, анткени бул биздин өлкөдө оорулардын болушуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Коронавирустун алгачкы учурлары бизге Европадан келген", - дейт ал.
Анын айтымында, коронавирус пандемиясы дүйнөдө калктын 70 пайызынын иммунитети күчтөнгөндө гана басыла баштайт.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан