Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарындагы №30 "Айданек" бала бакчасына кошумча 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, мэр Таалайбек Сарыбашов бала бакчанын курулушуна кыш коюп, куруучулардан кабар алды.
"Шаар боюнча 5 бала бакчанын курулушу жүрүп жаткан, анын үчөө колдонууга берилип, 2 бала бакча жакынкы күндөрү шаар тургундарына тапшырылат. Ал эми бул бала бакчасынан тышкары, дагы бир балдар бакчасынын курулушу башталганы турат. 2 жарым жыл ичинде 7 балдар бакчасынын курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат десек болот. Келечек муунду жакшы тарбиялоону колго алып, алардын аң-сезиминин өөрчүшүнө, дени сак болушуна, коомго аралашуусуна кам көрүү үчүн шарт түзүп берүү зарыл. Биз бул багытта мүмкүнчүлүктүн болушунча аракет кылып жатабыз", - деди Сарыбашов.
№30 "Айданек" балдар бакчасынын эски имараты 1967-жылы курулган. Мэр бала бакчанын тарбиячылары менен баарлашуу учурунда эски имаратты да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берүүнү убада берген.