Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын окуясы: Дагы бир шектүү кармалды

Ала качылып, андан кийин киши колдуу каза болгон Айзада Канатбекованын окуясына катыштыгы бар делинип дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ала качууга катыштыгы бар делинген дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Кармалган жаран 1989-жылы туулган З.Р. экени белгилүү болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери улантылууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан Айзаданын өлүмүнө шектүү жаран Орусиянын аймагында 3 ирет соттолгонун кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhazgul98
2021-04-08 16:50:53
Билимсиздик - бардык кылмыштардын булагы.
+4
Janna19
2021-04-08 16:53:37
С.Р.П.Т дебей эле тоолук аты жөнүн жазбайсыңарбы эл билсин, зөөкүрлөрдү.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан