Биз социалдык тармакта

Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн туугандары өлүкканадан алып кетишкен

Бишкектеги өлүкканадан Айзада Канатбекованы ала качып барып аны муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн өлтүргөнгө шектелип жаткан Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн кечээ, 8-апрелде туугандары алып кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталы өлүккананын кызматкерлери билдиришти.

Кызматкерлер сөөктү туугандары кайда алып кетишкен белгисиз экенин айтышты.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан Айзаданын өлүмүнө шектүү жаран Орусиянын аймагында 3 ирет соттолгонун кабарлады. Кийинчерээк ала качууга катыштыгы бар делинген экинчи шектүү, андан кийин үчүнчү, төртүнчү шектүүлөр кармалышканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sagyn.91
2021-04-09 10:15:08
Орттоп садышсын акмакты!
-5
Asmat84
2021-04-09 17:27:59
Sagyn.91,ортомоктон ары башка кылса деле өлгөн адамга баары бир эмеспи
Андан көрө өлгөн адамды жамандабай башка нерсе жазсаң
+2
Tatu_8889
2021-04-09 11:43:33
Неге билишпейт?
+2
Jibakana
2021-04-09 12:38:10
Кайда алып кеткени белгисиз дегени кандай?
0
Isikkolumkeremet
2021-04-09 19:30:38
Олгон сон алып кетпегенде эмне сактап коймок беле.ачууга алдырбай.он колдун ачуусун.сол кол мн басууну уйронсок экен.бизге сабак болсо экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан