Биз социалдык тармакта

Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милицияга кыздын апасы кайрылган. Анда ал кызы 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.

Дайынсыз болуп жаткан Феруза Сыдыкованын өзгөчө белгилери: Бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында сокур ичеги алгандан кийинки тырыгы бар.

Ферузаны көргөн, билгендер болсо 0553 10-23-87, 0557 11-94-10, 0702 49-88-88, 0709 33-24-63 жана 102 номерине кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ozgocho111
2021-04-11 09:36:22
Тообо, эмне кыздар жоголо баштады..
+1
Mylatka..
2021-04-11 10:08:04
Азыркы кыздар да ээн баш болуп калдык,атаны энени аганы эжени укмай жок!Мугалимдерди сыйламай жок!Оюбузга келгенди жасайбыз !Көчөдө жарым жылаңач жүрөбүз!Алды түнкү барларда арты ,вечеринкаларда жүрөбүз!.Анан келип келип эле укук коргоо органдарынан БИЗДИН УКУГУБУЗДУ КОРГОП БЕРГИЛЕЕ!деп чыгабыз..Өзүңө сак бол кошунаңы уруу тутпа деп ата бабалар бекер айтпаган!Ар ким өз кызыңарды тыйгыла!И кыздар да көп эле баскандан тыйылгыла .(албетте бул жалпы кыздарга тийиштүү эмес)
+4
Zarema11
2021-04-11 13:48:29
туура айтасың, Саяк жүрсөң таяк жейсиң дегенди кээ бирки кыздарыбыз өмүрү укпагандай темселешет.Жамандын кесепети көпкө тиет дегендей анан көөп адамдарды убарага салышып канчалаган адамдардга да кесири тиет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан