Президент өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылат. Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан