Депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
"Анын бир гана парламентке болгон мамилеси үчүн эмес, ал соңку аракеттери менен жалпы кыргыз медицинасын бүт дүйнөгө уят кылды. Анын лицензия албаган табыпчылыкты колдоп жатканын, уу коргошунду пропагандалап жатканын дүйнөлүк басылмалар шылдыңдап жазып жатышат. Бизде дарыгерлер жокпу? Мына эми Кыргыз өлкөсүндө табыпчылык күчөп баштады. Эки жумадан бери комитеттин жыйынына келбей жатат. Премьер-министрге сунуштайлы, бизге сабаттуу министр керек", - деди ал.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү депутаттын сунушун колдошту.