Акыйкатчы Токон Мамытов: "Элден алыстаган жокмун"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу акыйкатчы Токон Мамытов болду.

Акыйкатчыга "Мурда сиз активдүү болуп, ар дайым өзүңүздүн көз караштарыңызды айтып келчүсүз. Азыр көптөр акыйкатчыбыз каякта деп сизди таппай калышкандарын айтышууда. Чын эле элден алыстап кеткениңиз өзүңүзгө байкалбай элеби?" деген суроо берилди.

Ал элден алыстабаганын айтты. "Таппай койдум дегендер журналисттер. Мен журналисттерден качпай, дайыма суроолоруна жооп бергенге аракет кылам. Бул жерде кызмат башка экен да. Эл менен көп иштеп, аларды кабыл алып жатканда журналисттер чалып калса бошобой каласың. Айрым журналисттер түшүнбөй, мурдагыдай болбой калыптыр деп "акыйкатчы кайда жүрөт, үн катып койбойсузбу" деген маалымат таратып жатышат", - деди ал.

Токон Мамытов: "Сталиндин доорунан бери бийликтин адамымын"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан