SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу депутат Алтынбек Сулайманов болду.
Алтынбек Сулайманов "Бир Бол" партиясы эмне үчүн парламенттик шайлоого аттанбаганы тууралуу айтты. "Бир топ партиялар "Альянс" деп бир аянтчага чогулдук. Мындан улам "Бир Бол" партиясы шайлоого аттанган жок. Башка күчтөр менен биригип, сүйлөшүүлөр болду.
1-2 күндүн ичинде кайсы команда менен шайлоого барарым жарыяланат. Жаңы команда менен кетип жатабыз", - дейт ал.