КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков бийликке ыңгайлуу жетекчи болуп бергенин айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда билдирди.
"Мен бийликке ыңгайлуу башкы директор болчумун. Өтө ыңгайлуу. Мен унчукпай эле алардын кылганын кыла бербестен коомчулуктун алдына чыгып, мен жооптуумун деп айтчумун. Мөөнөтүм бүткөндөн кийин президенттин аппараты дагы сиз калыңыз деп айтты. Сооронбай Жээнбековго дагы киргизишти. Мамлекетке керексиң деп айтышты. Мен иштеп берем, бирок кетип калганым туура деп айтым. "Белизгейт", Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеди деп айтышты. Атамбаев тууралуу жаман материал бериш керек болмок. Алар менин кете берейин дегенимди колдошту. Мөөнөтүмдү бүтүрүп кызматтан кеттим", - дейт Карыпбеков.