SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков болду.
"2 жыл мурун Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча оюңузду айткансыз. Ал Оштогу бөлүмдү жетектеп турганда өсүш, көрсөткүчтөр жакшы болду дегенсиз. Муну ушул жааттагы адис катары айттыңыз беле же кайсы бир мамилелерден уламбы?", - деген суроо берилди.
"Мен адис катары айтканда, ар дайым цифрага таянып айтам. Бүгүн адамды каралаганда ал кайсы тармакта иштебесин, анализди чыгарбай туруп, жаман дешсе эле баары жаман деп жабышып калышат. Ал адамды тааныбаса да жаман деп жабышып калышат. Мен ошондо түштүк жергесиндеги бажыдан түшкөн, жылдан-жылга өскөн түшүмдүн негизинде айткам. Эмне себептен бүгүнкү күндө "Дордойдо" товар жок? Эмне себептен Кытайдан товарды алып келиш 6 айдан 1 жылга чейин созулат? Эмне себептен ошол учурда мындай тоскоолдуктар болгон жок? Ооба, бүгүн коронавирус деп айтышы мүмкүн. Бирок Казакстанда коронавирус жокпу? Ал жерде да бар. Бирок биздин ишкерлер товарын алып келиши үчүн Казакстанга барып, жалдырап алып келип жатышат. Матраимовдун мезгилинде бажы системасы ишкерлерге шарт түзүп, анын тез жана тоскоолдуксуз келишин шарттаган. Бүгүнкү күндө товар мурункуга караганда эки эсе кымбат келип жатат. Жакында "Дордойго" барып жөнөкөй эле ишкерлер менен жолуктум. Алар "соодагерлер кыйналды, товарды сырттан алып келип жатабыз" дешти. Бажы органы бул ички жана сырткы соода-сатыкты жөнгө сала турган орган. Бүгүн ошо Матраимов тууралуу сөздөр элдин оозунан чыгып жатат. Ар бир нерсени салыштырганда эл өз баасын берет", - деп жооп берди Келдибеков.