Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү узартылбаса, кайсы депутаттар мандат албай калмак?

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү былтыр 28-октябрда аякташы керек болчу. Бирок октябрь окуяларынан соң 4-октябрда жетинчи чакырылышка шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам мурдагы депутаттар ишин улантып жатышат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү узартылбаса, кайсы депутаттар мандат албай калмак? SUPER.KG порталы октябрдан кийин мандат алган депуттардын тизмесин сунуштайт.
Султанбек Анарбаев
Султанбек Анарбаев "Кыргызстан" фракциясынан Жаныбек Жоробаевдин ордуна депутат болуп келген. Анарбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган. Бирок антты ал былтыркы жылдын 14-октябрында берген. Буга чейин Султанбек Анарбаев "Давлет БЖК" ЖЧКсынын директору болуп иштеп келген.

Аккулу Бердиев
Аккулу Бердиев "Республика-Ата Журт" фракциясынан Руслан Казакбаевдин ордуна депутат болгон. Ал "Север-Югойл" ЖЧКнын директору болуп эмгектенген.
Арзыбек Карыбеков

Арзыбек Карыбеков "Республика-Ата-Журт" фракциясынан Бактыбек Сыдыковдун ордуна депутат болуп келген. Ал 2010-жылы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеген.

Шайлообек Атазов

Шайлообек Атазов "Ата Мекен" фракциясынан Искандер Гайпкуловдун ордуна депутат болгон. 2005-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын көптөгөн эл аралык класс спорт чеберлерин тарбиялап келген.

Бурун Аманова

Бурун Аманова "Ата-Мекен" фракциясынан Гүлнара-Клара Саматтын ордуна депутат болуп келген. "Небесные горы" туристтик компаниясынын жетекчиси болгон.

Айбек Осмонов

Айбек Осмонов "Бир Бол" фракциясынан маркум Алмазбек Акматовдун ордуна депутат болгон. Ал “Альфа Телеком” ЖАКнын кеңешчиси болуп эмгектенген.

Равшанбек Рысбаев

Равшанбек Рысбаев Марат Аманкуловдун ордуна КСДП фракциясына келген. Рысбаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.

Мейкинбек Абдалиев

Мейкинбек Абдалиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакировдун ордуна депутат болгон. Масы айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары болуп иштеган.

Аманкул Токтомамбетов

Аманкул Токтомамбетов "Бир Бол" фракциясынан Кубанычбек Жумалиевдин ордуна келген. Ал прокуратура-сот тармагында эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан