Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы футболчу уулу 2 жарым миллион сомго үч эмдүү үй-бүлөгө үй алып берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин үч уулу чет жерде үй алам деп иштеп жүргөн үч эмдүү үй-бүлөгө үй алып беришти. Бул тууралуу УКМКнын башчысы бүгүн, 25-апрелде Өзгөн эли менен жолугушуу учурунда айтты.

"Мен жөнүндө ар түрдүү ушактар тарап жатат. Бир апта мурун Ташиев Дубайдан үй алыптыр дейт. Урматтуу эл журт, жалпыңыздар угуңуздар. Ооба, мен үй алдым. Кайсы үйдү алдым? Орозо башталгандан 3-4 күндөн кийин Испаниянын "Леванте" клубунда ойногон 15 жашар уулум (ред. Эмир-Хан Кыдыршаев) чалды. Ата, Томас (ред. Таймурас Ташиев) агам барат агама жардам берип коюуңузчу деди. Эмне болуп кетти деп сарсанаа болдум. Улуу балам 2 саатта эле келди. Эмне болду балам десем, үйү жок Орусияда иштеп жүргөн жараныбыз үч эмдүү болуптур. Ата мен инилерим менен акча топтоп, ошол адамга үй алып берели дегенбиз, акчабыз жетпей жатат, жардам бериңиз деди.

Макул, жардам берейин дедим. Уулум ошол адам менен Орусияга чалып байланышыптыр. Макул деп мен жардам бердим. 2 жарым миллион сомго үч эмдүү үй-бүлөгө Жалал-Абад шаарынын Ынтымак участкасынан үй алып беришти. Ушул үйдү айтып жатышса керек. Башка менин эч жерде, чет өлкөдө бир дагы кирпичим жок", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
assanov97
2021-04-25 14:30:58
Мамлекеттин акчасын аябай эле чачып жатат аягы жаман болотко
-4
Mustafo
2021-04-25 17:03:30
assanov97,сендей галдирлар азыраак болсо экен ылайым
-12
Talantus
2021-04-25 18:13:03
assanov97, бечарага жардам берсе эмнеси жаман.
+2
assanov97
2021-04-25 14:31:06
Пиар
+10
JaneEr
2021-04-25 15:39:25
assanov97,зато алып берди,колунан келсе сен да пиар кыл ушинтип уй алып берип
+10
assanov97
2021-04-25 17:56:57
JaneEr,атам гкнбыда иштесе алып бермекмин
+12
Aiymkan89
2021-04-25 20:53:11
assanov97,ошон учун да иштебегенсин да. Кудай да кимге бийлик беришти билет
-4
Azat-123
2021-04-25 14:44:39
Орозо айында сооп жумуш жасаптыр, Азамат жигит экен
+24
Zarema11
2021-04-25 15:04:40
э эмнеси чачып, бул кыйналган кыргыздын үй бүлөсүнө жардамы тийсе эмнеси жаман. Жараткан Раазы болсун. Уулдарыңызды үй бүлөңүздү Жаратканым колдосун. Кээде жакшы сөзүн арнай албаган ичи тарлар көбөйгөнү үчүн заманыбыз тарып жаткандай.
+11
Nara5
2021-04-25 15:09:54
Ооба элдин балдары ушундай а биздин балдар тажиктерден токмок жеп кок ала болуп журот
+28
JaneEr
2021-04-25 15:40:15
Мага да уй насип кылсын ин ша Аллах,жалгыз кыйналып кеттим аябай тытынып.
+7
al-abu-kinesz
2021-04-25 20:50:11
Азаматсынар! Аллах ыраазы болсун!!! Атанын уулдары экенсинер!!!
-3
aslan_akjol89
2021-04-25 23:07:40
Негизи жаман оюм жок.Аллах ыраазы болсун!Бирок,баласынын Европага кеткенине жарым жыл боло элек жатып 2.5миллион каяктан тапты деген ой келди.
+10
Erlan_95
2021-04-25 23:53:59
aslan_akjol89, Футболисттер жакшы табат да
-2
Omyke
2021-04-26 01:06:27
Аллах ыраазы болсун!!!Элге болсун Эл катары бизге болсун!
-2
Dembele84
2021-04-26 10:04:06
Бийликке келе электе ушундай иштерди жасашса элдер суйунмок.Азыр бийлик колунда болуп,ушундай иштерди кылса эл жаман ойлойт,мамлекеттин пулу деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан