Окуу жылы мектептерде, орто окуу жайлары жана жогорку окуу жайларында дистанциялык окутуу менен аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Айтымында, карантинге байланыштуу окуу жылынын аякташына 1 ай эле убакыт калгандыктан, министрлик ушул чечимге келген.
"Мындан тышкары 9-11-класстардын мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин дагы дистанциялык формада чечүү боюнча түрдүү варианттарды түзүп, мүмкүн болушунча окуучуларбыздын билимин туура баалап жана аларга колдоо көрсөтөбүз. Ал эми жогорку жана атайын орто окуу жайларында дагы окуу процесси дистанциялык негизде улантылат.
Жайкы сессия дагы онлайн формада өтөт. Бүтүрүүчү курстардагы студенттерден ар бир жогорку окуу жайы техникалык мүмкүнчүлүгүнө жараша мамлекеттик экзамендерди өз убагында онлайн форматында алууга алдын ала аракеттер болуп жатат", - деп билдирди Исаков.