Депутат Шайлообек Атазов: "Партиялардын аталышы маанилүү эмес, партиянын талапкерлери маанилүү"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар​​ долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов болду.

Анда ага "Сиз 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанып, кийин “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп келгенде айрымдар сизди сындашты эле" деген суроо берилди.

"Ооба, сындай бериш керек. Себеби сындалбай туруш - бул иш кылбагандыктын белгиси. 2015-жылы "Улуттар биримдиги" партиясы менен "АтамМекен" партиясы меморандумга кол койгон. "Улуттар биримдиги" партиясынан 3 талапкер "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанганбыз. Мына 5 жыл күтүп, 2020-жылы кезегибиз келди. 2020-жылы өткөн шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясы өлкөдөгү мыкты талапкерлерди тандаган. Партиялардын аталышы маанилүү эмес, партиянын талапкерлери маанилүү. Партиянын аталышы мелдешке чыга турган ат. "Ата Мекен" партиясы менен парламентке келгениме уялбайм. Бул партия дайыма чындыкты айтып жүргөн партия. Кайсы партия болбосун, парламентке барып элдин маселелерин көтөрүү керек", - деди ал.

"Райымбек Матраимов менен ага-ини болгонума сыймыктанам" дейт депутат Шайлообек Атазов
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан