Маркум Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова дүйнө салды.
Сабира Турсункулова менен коштошуу зыйнаты эртең, 28-апрелде Бишкек шаарында өтөт.
Бексултан Жакиев мындан 2 күн мурун, тагыраагы 25-апрелде каза болгон. Алар 65 жыл чогуу түтүн булатышкан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.