Бүгүн Жогорку Кеңеш жабык эшик артында Баткендеги чек ара маселеси боюнча маалымат угат

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеш жабык эшик артында Баткендеги чек ара маселеси боюнча маалымат угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын саат 16:00дө башталат.

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан