27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси "никеге туруу максатында адам уурдоо" боюнча сотко чейинки тергөө амалдары "адам уурдоо" беренесине которулуп, иш боюнча тергөө аяктап, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берилди.
"Шектүү Замирбек Теңизбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси "адам уурдоо" жана "адам өлтүрүү" беренелеринде каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү бар, бирок шектүүнүн өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулду", - деп билдиришти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.
8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынышкан.