Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 150 миллион 984 миң 120 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 87 миллион 926 миң 78 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 176 миң 214 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 1-майга карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 345 миң 38 болду. 575 миң 921 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 18 миллион 762 миң 976 адамдан аныкталды. 208 миң 330 адам каза болсо, 15 миллион 384 миң 418 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 659 миң 11 адам вируска кабылган. 403 миң 781 бейтап көз жумса, 12 миллион 991 миң 951 бейтап оорудан сакайды.