Тышкы иштер министри ЕККУдан Баткенде кыйраган объекттерди, үйлөрдү кайрадан курууга көмөк берүүнү суранды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы Коопсуздук кызматташтык уюмунун төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен сүйлөшүп, көмөк сурады. Тараптардын сүйлөшүүсү 1-майда видео байланыш форматында өткөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Анда кыргыз тарап 28-30-апрелде болуп өткөн окуялар жана Кыргыз өлкөсүнүн чек арага жакын аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымдады.

"Министр жаңжалдын кесепетинен ички жер которгондордун саны 27 миң адамдан ашканын маалымдады. Ушуга байланыштуу Баткен облусундагы оор гуманитардык абалды белгилөө менен бирге уюмдан ички жер которгондорго жардам көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле жаңжалдан кийинки мезгилде кыйроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, жарандардын үйлөрүн кайрадан курууга көмөк берүүнү өтүндү".

Анн Линде абалды жөнгө салууга кошкон өзгөчө салымы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, жаңжалдын курчушуна жол бербөөнүн зарылдыгы боюнча тараптар бир пикирге келгенин кубаттап, жетишилген макулдашууларды кынтыксыз сактоого чакырды.

"Уюмдун төрайымы жаңжалды мүмкүн болушунча эрте жөнгө салууну жактаарын жана чек ара боюнча талаштарды чечүүгө, жаңжалдан кийинки кайрадан калыптандыруу иштерине жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары Анн Линде чек арага жакын аймактарда улуттар ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу уюмдун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендигин маалымдады".

Жолугушуунун аягында тараптар күн тартибиндеги кечиктирилгис маселелер боюнча мындан аркы диалогду жүргүзүүнү макулдашты.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aibek_eka
2021-05-02 01:02:22
Тилемчиликке оттунорбу туруп тургулачы тилемчилик кылбай тургузушка аракет кылгылачы
+10
Malin
2021-05-02 07:09:03
суранбай турсанар боло. Тажиктер чыгымдарды толосун.
+3
Kg.paren
2021-05-02 08:33:43
Тажиктерге толотуш керек алар келип бар жокту бузуп адам олтуруп тоноп кетеберсин биз аркимден сурайлы жардам бергиле деп биз ошентеличи алар дипломатия дейби эч качан антпейт булардын стратегиясы болушу мумкун эл кантип мындан кийин ошентип жашайт кочуп кеткиси келетда уйун сатып тажиктерге ким горантия берет 1_2 жылдан кийин кайра кайталанбашын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан