"Бийлик колунан иш келген азаматтарды кызматка коюшу керек". Адахан Мадумаровдун чек арадагы абал боюнча кайрылуусу

Саясатчы Адахан Мадумаров кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалдын күчөгөндүгүнө байланыштуу пикирин айтты. Анда ал тиешелүү адамдар муну пикир катары эмес, кайрылуу катары кабыл алса туура болот дейт. Ал чек арада бир нече адамдын жаракат алып, бир адамдын каза болушун өтө кайгылуу окуя деп сыпаттап, тарыхтагы кайгылуу барактардын бири болуп каларын белгиледи.

"Ушул иштерди болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле деген суроо жаралат. Ооба, бар болчу, азыр да бар. Мындан ары күчөтпөй коюунун жолдору бар. Биринчиден, бийлик колунан иш келген азаматтарды ошол жерлерге коюшу керек. Түк эч нерсени түшүнбөгөн, сабатсыз, бийликке жагынгандарды алып келип алгандын кесепетинен бир топ туура эмес иштер болуп кетти.

Мен ошол жерде туруп, колунда куралы жок болсо да чек араны кайтарып турган элге ыраазычылык билдирем. Баткенден келип, бийликке жерди сактап калууга коңгуроо кагып, аракет кылган жергиликтүү кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ал эми бийлик тескерисинче, аларды чакыртып алып суракка алып жатат. Мындай чыккынчылык бизде болгон эмес", - деген Мадумаров бүгүнкү бийликтин, тиешелүү кызматтардын элдин ишенимин, үмүтүн актаганга акылы жетпей турганын белгилеген.

Ошондой эле Мадумаров алар жалаң гана саясат менен алек болуп жатканын, бири-бирин каралап, жамандоо менен алек экенин айтты. Ал облустук, райондук же мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилерге кайрылып, ишти аткаруу колунан келбей жатса, аны моюнуна алып кызмат ордун бошотууга чакырды.

Адахан Мадумаровдун чек ара боюнча кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Migrant-rf
2019-09-17 18:14:57
А сен өзүң саткан экенсиңго ошол жерлерди кол коюп өткөрүп берип? Ошону да ачыктап койсоң болмок, элдин баары эле "Адахан саткан" деп жатышат!
-10
Bektur2011
2019-09-17 18:20:51
Мадумаров бокту жептир ар кайсыны айтып, бул кайда журду экен керек болсо бул жеп ичип, Каркыраны саткан ушул киши мындайлардын колунан жакшылык келбейт.
-10
KAYRATBEK
2019-09-17 18:36:57
Адахан Мадумаровко унчукпасан колду мен эмес, менин колум койгон дегиси келип турат. Сиздин бир колунуз менен Кыргызстандын бир айылы эмес, бир кочосу эмес, БИР РАЙОНУ Таджикистанга отуп Кыргызстан учун анклав болуп калуу коркунучунда турат. Сиз унутсагыз да биз унута элекпиз жана унутпайбыз.
-12
Flowhive
2019-09-17 18:44:15
Бети жок,дагы сүйлөп коёт
-10
JaneEr
2019-09-17 18:52:40
Ит уро берет,кербен журо берет.Депуттатар уро берет,колдорунан бок келбейт Мадумаров баш болуп башкасы таш болуп
-8
Agayu
2019-09-17 18:58:13
А Мадымаров сымап сыяктуу ким жакшы бийлик берсе ошонун ырын ырдайт , бербей койсо өллө ыйлайт .
-6
KUMKA
2019-09-17 19:24:49
Мен ушул Кок-Таштагы жердин сатылышына Мадумаровдун тиешеси бар дегенден бери сыйлабай калдым.Озу маалымат берип койсо жакшы болмок.ооба же жок деп..
-7
Kyrgyz_bloger
2019-09-17 19:25:50
Бийликтин кошоматчыларында канча почта бар жаман кобойуп кетишиптир го.
+7
KAYRATBEK
2019-09-17 19:36:24
Kyrgyz_bloger,кобойгон жок жашоо факт ушуну корсотуп атат. Эл калыс калыстыкты жазабыз.
-8
Syimyk.isaev
2019-09-17 19:42:21
Зээрикпей минус басып чыктым...
-9
katerina.li
2019-09-17 19:48:16
Туура айтты Адахан,бирок эч ишенич жок ушу кишиге. Дегеле бир да чондорго ишенич жок болуп калды.
0
Shabi
2019-09-17 19:57:54
Кооз суйлогон булбул да бул.колунан пок да келбейт
+2
Taalai94
2019-09-17 20:35:43
Антиш керек мынтиш керек деп отура берели тажиктер кирип келише берсин.
-6
Jaznura
2019-09-17 20:46:52
Озу сатып ошо жерди эми суйлоп коет такылдап тили эле бар мунун колунан пок келбейт
+4
altyn-kumush
2019-09-17 21:20:16
Чья корова мычала? Ким суйлосо да ушул суйлобосон! Кантип уялбай чыкты, чыкса да кечирим сурап чыксын! Колунан пок да келбейт, акыл уйротконду жон эле койсун да
+4
katerina.li
2019-09-17 22:10:26
altyn-kumush,чья бы корова мычала,а твоя бы молчала дейт оручтар
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан