Акыркы учурда Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын жаңжалдашуусу көп кайталанчу болду. Жалпылап айтканда, чек ара чыры Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүктү алгандан бери чечилбей келе жаткан олуттуу маселе. 28-апрелде кечке жуук башталып, дээрлик 4 күнгө созулган Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 36 адам каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан сырткары түзүлгөн кырдаалдан улам 100дөн ашуун турак үй, 100гө чукул объект талкаланып, өрттөлдү.
Ал эми интернет желелерине тажик тараптын согушту жеңген маанайын чагылдырган видеолору жарыяланып жатат. Анда коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлери жана эли кадимки парад сыяктуу кан төгүүнү жеңиш катары белгилеп жатканын көрүүгө болот.
Тажикстандын бул аракети боюнча Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев пикирин билдирди. Айтымында, кытмыр элдин трагедияны майрамдап жатканы жеткен түркөйлүк.
"Чек ара өзгөчө чоң тема. Чыр тажиктер менен СССРден бери эле уланып келе жатат. Алар бизден талашып, көз артканы жер жана суу. Азыркы согуштун, чырдын башталышы Головнойдо, Төрт-Күл суу сактагычынын каналына тажик тарап кыргыздар канча көлөмдө дарыядан суу алып жатканын билиш үчүн видео көзөмөл коюуга аракет кылган. Аны орнотууга кыргыздар каршы болгон.
Суу Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жайылат, суунун ээси биз. Алар сууну көзөмөлдөөчү аппаратты биз тарап макул болгондон кийин койсо деле болмок. Алардын макулдугу жок аракети чоң чырдын башталуусуна себеп болду. Жарандык согуш Тажикстанда 1992-1993-жылдары болгон. Тажикстандын президентинин айтканына таянсак, 157 миң киши ал согушта каза болгон. Ошол согушту токтотууга ошол кездеги Кыргыз өлкөсүнүн бийлигинин салымы өтө чоң. Азыркы тапта Тажикстан элинин турмушу анчалык жакшы эмес. Бирок тажик эли өтө иштерман эл. Чырдын башында контрабанда, наркотрафиктин башчылары турат.
Азыр тажик тарап биз жеңдик деп майрамдап жатышат. Бул Баткен эли, жалпы эле кыргыз эли үчүн өтө чоң өкүнүч. Кытмыр элдин трагедияны майрамдап жатканы жеткен түркөйлүк деп эсептейм", - дейт Айбалаев.
Буга чейин да Мамат Айбалаев чек арага байланыштуу кызыктуу маалыматтарды айтып, анын чечүү жолдорун аныктаган бир нече сунуш-пикирлерин билдирип келген.