
Тыйын чычкандын кээ бирлери жылына миңдей дарак отургузат. Кантип дейсизби?
Демейде алар жай-күз мезгилдеринде кышка кам көрүшүп, жаңгак, эмендин жана башка тыйын чычканга азык болчу мөмөлөрдү топтой башташат. Бирок унутчаактын айынан топтогон баардык жаңгагын кышкы азык катары колдоно албай калышат. Тагыраагы, алар азыгын көмгөн жерлерин унутуп, кайра таппай калышат. Көп учурда аны келемиш, чычкандар таап жешкени менен жер алдында калгандары да көп. Алар жаз алды менен көчөт болуп өнүп чыгышат. Тыйын чычкан жаңгакты, мөмөлөрдү жерди чукуп көмгөндүктөн анын өнүп чыгышына жакшы шарт түзүлөт.