Көздүн ирмөө функциясынын максаты - алгач эле көздүн чел кабыгын нымдоо болуп саналат. Эгерде ушул эле нерсени эске алсак, анда көздү ирмөө орто эсеп менен мүнөтүнө 15-20 жолу же андан көп болот.
Эң кызыгы Тамами Накано баштаган япон окумуштуулары адамдар ар кандай учурда эмес, окуянын аягында көзүн ирмээрин аныкташкан. Мисалы китеп же башка нерсе окуп жатканда, сүйлөм бүткөндөн кийин же бирөө менен сүйлөшүп жатканда ортодо тыным болуп калган учурда, тасма көрүп жатып окуялар алмашкан жерде жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдө көбүнчө адамдар көздөрүн ирмешет.
Компьютердик томографияны колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөдө көз ирмеген учурда мээнин активдүүлүгү кескин төмөндөп, көңүл буруу жакшы болбой, мээ пассивдүү режимге өтөөрүн көрсөткөн. Демек, жыйынтыгында биз тез-тез көзүбүздү ирмеп турганыбыз көңүл бурууну калыбына келтирип, ага жооп берген нерв клеткаларынын кайрадан иштелип чыгуусун камсыздайт.