Өзүнүн сырткы келбети жана күйөрмандарынын саны менен баарын таң калтырган ирандык ханыша Анис Аль Долях тууралуу кызыктуу маалыматтар:
1. Анис ад-Долях 1848-жылдан 1896-жылга чейин башкарган Ирандын төртүнчү шахы Насер ад-Дин Шах Кажардын сүйүктүү жубайы болгон. Насердин аялдарынын чоң гареми болгон, ал ошол кездеги Ирандын мыйзамдарына каршы ачык жүзү менен сүрөткө түшкөн.
2. Кызыгы, бул гаремде биз ойлогондой ашкан сулуу ханышалар болгон эмес. Бул гаремде бардык аялдардын жана токолдордун салмагы ашыкча болуп, муруттары бар, калың каштары биригип турган. Ал кезде Иранда аялдын мындай көрүнүшү сулуулук жана сексуалдык стандарт катары эсептелчү. Гаремде аялдарды атайын ашыкча салмак кошуусу үчүн багышкан: аларды катуу тамактандырышкан жана арыктап кетпеши үчүн көп кыймылдашкан эмес.
3. Анис аялга караганда эркекке көбүрөөк окшош. Дене түзүлүшү толук, каштары бириккен, буттары түктүү жана муруту болгон. Бирок ал кезде мындай көрүнүш Иранда сулуулуктун эталону катары эсептелген.
4. Анис Аль Доляхтын чектен чыккан 145 күйөрманы болгон. Кызыгы анын 13ү Анистин жүрөгүн багындыра албай, макулдугун ала албагандыктан өз жанын кыйган.
Айта кетүүчү нерсе, айрым маалыматтарда чындыгында хандын аялдары катары берилген сүрөттөрдө тартылган аялдар анын аялдары эмес, дегеле булар аял эмес деген кептер бар.