"Ухан вирусу". Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 166 миллионго жакын адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 165 миллион 879 миң 428 адам жуктуруп алды. Тилекке каршы, 3 миллион 438 миң 489 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 22-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 33 миллион 84 миң 800 болду. 589 миң 222 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 26 миллион 31 миң 991 адамдан аныкталды. 291 миң 331 адам каза болду.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 970 миң 949 адам вируска кабылган. 446 миң 349 бейтап көз жумду.

Эскертүү! АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтындагы статистикада дүйнөдө канча адам айыгып чыккандыгы боюнча көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан