Комендант: "Ош облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары кескин азайды"

Ош облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары кескин азайды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Коменданттык саат киргенден баштап Ош облусу боюнча 56, Ош шаарында 9 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Бирок зомбулук фактылары былтыркы жылга салыштырмалуу 14 учурга азайды.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча биз жер-жерлердеги аймактык тескөөчүлөргө жана айыл башчыларына кайрылып турабыз. Бирок андай учурлар аз болуп жатканы байкалууда"
, - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан