Өткөн суткада өлкө аймагында 755 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Өткөн суткада өлкө аймагында 755 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, эмдөөдөн өткөн 755 адамдын ичинен 356сы вакцинанын II дозасы менен эмделди.
Республика боюнча жалпы 72 миң 173 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 22 миң 876сы вакцинанын II дозасын дагы алышты.
  • Бишкек шаары — 18 миң 662;
  • Ош шаары — 5 миң 640;
  • Чүй облусу — 11 миң 321;
  • Ош облусу — 10 миң 371;
  • Талас облусу — 3 миң 521;
  • Ысык-Көл облусу — 7 миң 14;
  • Нарын облусу — 3 миң 246;
  • Жалал-Абад облусу — 9 миң 504;
  • Баткен облусу — 2 миң 894.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан