Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлугуна шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышканыбызда тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын ректорлук кызматына шайлоо эртең, 29-майда өтмөк. Ректорлук кызматка төрт талапкер аттанган.
Мекемеден билдиришкендей, шайлоо эмне себептен жылдырылганы азырынча белгисиз.