Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындаларын SUPER.KG порталы кечээ жазып чыккан.
Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеп келет. Ал учурда Жогорку Кеңештин депутаты.
Буга чейин бул кызматты Улугбек Кармышаков аркалап келген.