Бүгүн, 1-июнда социалдык тармактарда чек арада ок атылып, бир чек арачы жарадар деген маалымат тарады.

Бул боюнча Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бул маселени чек ара кызматы карайт, бизге тиешеси жок. Чек арада абал тынч, эки чек арачынын чыры болушу мүмкүн", - деп жооп беришти.
SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, эки чек арачынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Мындан улам алардын бири шеригин атып, андан кийин өзүнө ок чыгарган. Алардын бири каза болсо, өзүнө ок аткан аскер ооруканага жеткирилген.