Бүгүн, 14-февралда дал ушул "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы жана тамада Ирлан Таалайбеков 33 жашка толду.
"Туулган күндөргө көп маани деле бербейм. Аябай чоң майрам кылып тосконум эсимде жок. Бул ирет бир туугандарым менен тосом. Тагыраагы, жакындарым бир жерге чакырышты, кечинде үй-бүлөм менен ошол жакка барабыз", - деди ал.
Ырчынын туулган күнүндө анын балалыгын, бойдок кезин, сахнага чыккан күндөрүн сүрөттөр аркылуу эске салып, фотоальбом даярдадык.
Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулуп-өскөн.
Сахнага “Окуучу кыз”, “Кош бол”, ошондой эле Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап чыгып, өз күйөрмандарын таба алган.
Репертуарында "Кыздар, ай", "Өмүр жөнүндө ой толгоо", "Мейли, тагдыр", "Отуздан ашып барамын", "Энекелер, ай" жана башка ырлары бар.
Учурда үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.