Бүгүн, 11-февралда ырчы, алпаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Урмат Усенов 40 жашка толду. Ырчы туулган күнүн адаттагыдай эле үй-бүлөсүнүн курчоосунда өткөрөрүн айтат.
Сахнага 2005-жылдын башынан тарта кадам таштаган ырчы мырза сиздин эсиңизде кайсы ыры же кайсы образы менен калды эле? Эмесе, Урмат Усеновдун имиджин, образдарын эске салган сүрөттөргө саякат жасайбыз.
Айта кетсек, эстрада ырчысы Урмат Усенов 1981-жылдын 11-февралында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Бакайыр айылында төрөлгөн. Ал "Болбой эле", "Тажадым мен", "Тумар кыз", "Сен келерсиң" (Султан Садыралиев менен), "Бал ширин" (Неля менен), "Сен" (Айя Садырова менен) жана башка ырлары менен таанылган.
Ырчы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2006-жылы "Жылдын имиджи", 2008-жылы "Супер ырчы мырза” наамдарын алган. Ошондой эле 2008-жылы Маданият министрлиги тарабынан Урмат Усеновго “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белги берилген.
Ырчы 2009-жылы сүйүктүүсү Неляга баш кошкон. Түгөйлөр учурда бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.
11-февралга карата жылнаама.