"Сени гана", "Күндөр жаңырат", "Сүрдөтпөчү"... Ырларынын дээрлик баары хит болгон Мирбек Атабековдун эски сүрөттөрүнө саякат

Тектеш кабарлар: "Фотоальбом" топтомдору бул шилтемеде (48 материал)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бүгүн, 11-августта 36 жашка толду. Ырчынын туулган күнүн утурлай архивдеги сүрөттөрүн барактап, сиздер менен бөлүшүүнү чечтик.

Мирбек Атабеков 1986-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алып, андан кийин Бишкекке көчүп келип, №50 мектеп-гимназиясында окуп калган.

9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган.

Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган.



2006-жылы продюсер Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө созулган.

2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Төлепбергенге үйлөнгөн.
2015-жылдын 21-ноябрында уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Ал эми 2018-жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан. 2020-жылы 26-февралда ырчынын үйүндө үчүнчү ирет толуктоо болуп, Сүйүү аттуу кыздуу болушкан.

2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

11-августтун жылнаамасы.


кошулду
Архив
Комментарийлер (6)
Margana93
2021-08-11 11:11:39
Мыкты ырчы✓1
+5
Pchelka85
2021-08-11 14:57:28
ФиналЧЫ )))))))
+1
Asmat84
2021-08-11 19:09:34
Ар кимдин вкусу ар башка демекчи. Мага таптакыр жакпайт ырлары
+1
Samash-87
2021-08-11 19:41:16
Мактанчаак, текебер,көйрөң, улутчул элди түндүк түштүккө бөлгөн сапаттар ушул балада бар.
-1
nazira...
2021-08-12 01:30:49
Samash-87,ошондой экен, баягында аялы экөө чыгып сүйлөп түштүктүктөргө жаман көрүнүп алган. Келсе көрсөтөбүз деп жүрүштү эле ошодон бери түштуккө келе элек. Жан ширин экен го, келсе шермендесин чыгарышат.эле.
-1
Aman_Mansurov
2021-08-13 16:39:33
nazira...,Бир сооронбайды жамандаган үчүн, түштүктөрдү жамандады деп айтканынар туура эмес. Сооронбай бир эле адам, бир адамга каршы чыкса,эмне бүткүл түштүкө каршы чыккан болуп эсептелеби силерге? Силердин ушундай сөзүңөр өзү бөлүнгөн болуп эсептелет. Түндүк түштүк кылып өзүңөр бөлүнүп жатасыңар. Түштүк жөнүндө бир да сөз сүйлөгөн жок Мирбек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА